Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезексиз 22- сессиясы
2016-жылдын 19-майы № 2
Орто-Азия айылына кичи футбол аянтчасын куруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Орто-Азия айылынын жашоочулары менен айыл өкмөттүн жер комиссиясынын биргеликте өткөргөн отурумунун протоколун негиздеп, Орто-Азия айылынын тургуну жеке ишкер, айылдык кенештин депутаты У.Мырзабаевдин жеке каражаты менен кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жер берүү жөнүндөгү маалыматын угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Азия айылынан муниципиалдык менчиктеги айыл чарба багытындагы эмес жерден У.Мырзабаевге жеке өзүнүн каражаты менен кичи футбол аянтчасын куруу үчүн 10 жылдык мөөнөткө жер берүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзам негизинде кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жерди тактап ажыратып берүү жагы, керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жана жеке ишкер У.Мырзабаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын колго алып, келишим түзүү жагы айыл өкмөт башчысы А.Асановго милдеттендирилсин.
Төрайым | Т. Наримбетова |