Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезексиз 23- сессиясы
2016-жылдын 29-июну № 2
2016-жылга бекитилген чыгымдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндөгү» мыйзамын 15-беренесине ылайык 2016-жылга “Алтын уя” балдар бакчасынын ижара акысын төлөө боюнча жана Алмалуу-Булак айылында көчкү болгондугуна байланыштуу бекитилген бюджеттин чыгымдары жөнүндө айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүмунүн башчысы Г.Нуруеванын баяндамасын угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мундуз айылындагы “Алтын уя” балдар бакчасы ижарада тургандыктан ижара акысын төлөө үчүн Бала бакча бөлүмүнүн 3 кварталынын 3111 “Имараттар жана курулмалар” беренесинен 30,0 миң сом акча каражаты 2213 “Ижара акы” беренесине жылдырылсын жана 4 кварталында “Имараттар жана курулмалар” беренесинен 200,0 миң сомакча каражатын айыл өкмөттүн маалымат борборунун имаратынын курулушуна жылдырылсын.
2. Алмалуу-Булак айылында көчкү болгондугуна байланыштуу республикалык бюджеттен бөлүнгөн бир миллион сом зарыл чыгымдарга жумшалсын жана айылдык кенештин 21-сессиясынын №3 Токтомунун негизинде беренелер боюнча киргизилген өзгөртүүлөр өз ордуна келтирилсин.
3. Жогорудагы токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы финансы экономика бөлүмунүн башчысы Г.Нуруевага милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А.Асановго жүктөлсүн.
Төрайым | Т. Наримбетова |