Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезексиз 23- сессиясы
2016-жылдын 29-июну № 3
Мундуз айылындагы ФАП тын жер аянты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негиздеп, айыл өкмөт башчысы А. Асановдун Мундуз айылындагы ФАПтын жери жана аны куруу жөнүндөгү маалыматын, №2 09.02.2016-жыл токтомун жана жер комиссиясынын, айылдык кеңештин туруктуу комиссиянын сунушун угуп, талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мундуз айылындагы ФАПтын имараты ээлеген 362 кв м жер аянты муницпалдык менчике алынсын.
2. Мундуз айылындагы ФАПтын имаратын кенейтип куруу үчүн 362 кв м жер аянты жаны курула турган ФАПтын долбооруна туура келбей жаткандыгына байланыштуу Тагаева Тамара Ашимбаевнаны менчигиндеги 600 кв м жер аянтына алмаштырууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын колгоо алуу жагы айыл өкмөт башчысы А.Асановго милдеттендирилсин.
Төрайым | Т. Наримбетова |