Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезексиз 23- сессиясы
2016-жылдын 29-июну № 4
Тала-Булак айылына караштуу жерден асыл тукум мал чарбачылыгын уюштурууга жер ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын, Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынын 20.06.2016-жыл №256 билдирүү каты, Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын 20.06.2016-жыл №153 корутунду каты, айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 23.06.2016-жылдагы сунуш катын негиздеп айылдык кенешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиянын төрагасы А.Макамбаевдин, айыл өкмөт башчысынын орун басары Т.Мусановдун Т.Курбаналиевдин асыл тукум мал чарбачылыгын уюштуруу жөнүндөгү арызы боюнча баяндамасын угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айылына караштуу жерден асыл тукум мал чарбачылыгын уюштурууга сарай куруу үчүн жер ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Асыл тукум мал чарбачылыгын уюштурууга мыйзам негизинде жер аянты аныкталсын, тишелүү мекеме уюмдардын макулдугу менен жер тандоо актысы түзүлүп, жерди пайдаланууга берүүнүн тартиби аныкталсын.
3. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары Т.Мусановго тапшырылсын.
Төрайым | Т. Наримбетова |