Редакцияот 29.06.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезексиз 23- сессиясы

 

2016-жылдын 29-июну № 6

Кызыл-Сеңир айылынын тургуну Т.Джороевдин кайрылуусу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын негиздеп, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 09.10.2015-жыл Кызыл-Сенир айылынын тургуну Т.Джороевдин орточо эрозияга чалдыккан жерден бак эгип, өздөштүрүү жашылдандыруу үчүн 2,0 га жер сураган арызын канааттандырган протоколун А.Маканбаевдин баяндамасында угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жер комиссиясынын 09.10.2015-жылдагы Кызыл-Сенир айылынын тургуну Т.Джороевдин орточо эррозияга чалдыккан жерден бак эгип, өздөштүрүү жашылдандыруу үчүн 2,0 га жер сураган арызын канааттандырган протоколу колдоого алынсын.

2. Мыйзам чегинде жерди тактап, иш кагаздарын тиешелүү мекеме уюмдардын мыйзамдын талабына ылайык даярдоо жагы жер комиссиясынын төрагасы Т.Мусановго, жер адиси К.Жамашевге жана арыз ээси Т.Джороевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А.Асановго жана айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрайым

Т. Наримбетова