Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-апрели № 16
Сүлүктү шаарынын Кольцо станциясында турак жай куруу үчүн жер тилкесинин планын бекитүү жөнүндө
Сүлүктү шаарынын Кольцо станциясына турак жай куруу боюнча Сүлүктү шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы М.С Джумановнанын 9-март 2017-жылкы №17/03-8 каты жөнүндө шаардын I-вице мэри Б.Ташевдин билдирүүсүн, шаардык кенештин муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 2-пунктунун негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын Кольцо станциясында турак жай куруу үчүн жер тилкесинин планы бекитилсин (Жер тилкесинин планы жана Сүлүктү шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кортундусу тиркелет)
2. Шаардын I-вице мэри Б.Ташевге жана Сүлүктү шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы М.С Джумановага, муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Ж. Арапрвго турак жай куруу үчүн муниципалдык жерлерди бөлүштүрүүнү Кыргыз Республикасынын тийиштуу мыйзамдарынын жана ченемдик укуктук актыларынын ченеминде жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципиалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.
Төрага | Т. Азизбеков |