Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-апрели № 18
“Сүлүктү-Тазалык”муниципиалдык ишканасынын жетекчилигине Мадаминов Кубанычбек Гапыровичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Шаардык мэриянын 2017-жылдын 5-апрелиндеги № 02-10/01-393 чыгыш сандуу каты жөнүндө шаардык кеӊештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтуу сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 3-4 пунктунун негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү-Тазалык муниципиалдык ишканасынын жетекчилигине Мадаминов Кубанычбек Гапыровичти дайындоого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардын мэри Р.Абдыназаровго жүктөлсүн
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын.
Төрага | Т. Азизбеков |