Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин XVIII чакырылышынын кезектеги 2- сессиясы
2017-жылдын 25-январы № 2/1
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын мыйзамда белгиленген көпчүлүк добушуна ээ болгон Байгазаков Бакытбек Чоробекович Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы болуп белгиленсин.
2. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо Кыргыз Республикасынын «жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын «Айыл өкмөт башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык мыйзам чегинде өттү деп таанылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | А. Бокоев |