Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин XVIII чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы
2017-жылдын 15-февралы № 3/1
Баш-Кайыңды айылдык Кеңештин тармактык комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө
Баш-Кайыңды айылдык Кеңеши угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин айыл чарбасы, жер жана турак жай жаратылышты коргоо, жол жана энергетика боюнча тармактык комиссиясынын курамы төмөндөгүдөй бекитилсин.
А.Бекиров- төрагасы
А.Солтобаев – мүчөсү
Бектурсун уулу Азамат – мүчөсү
2. Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин этика, укук коргоо, мыйзамдуулук жана кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча тармактык комиссиясынын курамы төмөндөгүдөй бекитилсин.
Д.Жумаков – төрага
А.Искенова – мүчөсү
А.Жайлообай уулу – мүчөсү
3. Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин финансы, бюджет, ишкердикти өнүктүрүү боюнча тармактык комиссиянын курамы төмөндөгүдөй бекитилсин.
А.Жайлообай уулу- төрага
К.Чоробеков – мүчөсү
А.Искенова-мүчөсү
4. Саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, жаштар саясаты, спорт жана башка социалдык маселелер боюнча тармактык комиссиянын курамы төмөндөгүдөй бекитилсин.
Б.Каракунов – төрага
И.Шопок уулу – мүчөсү
А.Бектурсун уулу – мүчөсү
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Асековго тапшырылсын.
6. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | А. Бокоев |