БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин XVIII чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы
2017-жылдын 15-февралы № 3/2
Баш-Кайыңды айылынын тургундарынын кайрылууларын кароо жөнүндө
Баш-Кайыңды айылдык Кеңеши угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Башкы адистик кызматта 1,5 жылдан ашык эмгек кодексинин мыйзам талаптарын бузуп иштеп келген Касмалиева Анаранын кызматын чечүү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
2. Касмалиева Анарага эмгек кодексинин мыйзам талаптарын бузуу менен төлөнгөн каражаттарды кайра күнөөлүү адамдардан өндүрүү жагы каралсын.
3. Кара-Талга 11,5 млн сомго курулган сооруженияларды курууда жана аны эксплуатацияга алып акча төлөөдө мыйзам сакталганын текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлсүн.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | А. Бокоев |