Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин XVIII чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы
2017-жылдын 15-февралы № 3/4
Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин 2017-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Баш-Кайыңды айылдык Кеңеши жогорудагыларды угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин 2017-жылга карата иш планы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ж. Асековго тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | А. Бокоев |