Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин XVIII чакырылышынын кезектеги 4- сессиясы
2017-жылдын 24-февралы № 4/4
Ат-Башы райондук салык башкармалыгынын башчысынын кайрылуусу жөнүндө
Ат-Башы райондук салык башкармалыгынын башчысынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы райондук салык башкармалыгынын башчысынын кайрылуусу боюнча Баш-Кайыңды айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы үлүш жерлердин салык төлөмдөрүн жогорулатуу же мурунку ордуна калтыруу жалпы элдик жыйынга сунушталсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | А. Бокоев |