Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин XVIII чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
2017-жылдын 13-марты № 5/2
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин «финансы бюджет, ишкердикти өнүктүрүү» боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Жайлобай уулу Азаматтын маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын пикирин угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрү Республикалык бюджеттен алынуучу теңтештирилген гранттан жана айылда топтолуучу салык булактарынын эсебинен төмөндөгүйдөй өлчөмдө белгиленсин.
Киреше
Жергиликтүү бюджетке алынуучу салык – 2 082 800
Теңтештирилген грант – 6 571 600
Баары: 8 654400
Чыгаша
Башкаруу аппаратына – 4 515 933
Маданият бөлүмүнө - 1 144 599
Билим берүү бөлүмү –2412668
Атайын каражт – 261200
704 Экономикалык маселелер (Жайыт) 320 000
Баары 8 654400
2. Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндө мыйзамына ылайык айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү өлчөмүндө акча каражаты түшүп, тиешелүү статьяларга Кыргыз Республикасынын Министирлигинин 10/1 2007-жылдагы № 09-11/229 буйругунун негизинде берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Карыбек уулу Айбекке тапшырылсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | А. Бокоев |