Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин XVIII чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
2017-жылдын 9-марты № 5/3
Баш-Кайыңды айылынын тургуну Бейшекеев Казыбектин кайрылуусу жөнүндө
Баш-Кайыңды айылдык Кеңеши Бейшекеев Казыбектин кайрылуусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чыпай Асеков атындагы орто мектебинин спорттук аянтчасы Бейшекеев Өмүрбектин наамына берилсин.
2. Спорт аянтчасынын ремонту, көрктөндүрүү-жашылдандыруу иштерин колго алуу жагы Бейшекеев Өмүрбектин бир туугандарына тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | А. Бокоев |