Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин XVIII чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
2017-жылдын 9-марты № 5/5
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына өзүнүн менчик «Тойото-Прадо» авто унаасын кызматтык иштерге пайдаланууга уруксат берүү жөнүндө
Баш-Кайыңды айылдык Кеңеши депуттардын сунуштарын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Байгазаков Бакытбекке өзүнүн менчик «Тойото-Прадо» мамлекеттик номери В 71 00 Е авто унаасын кызматтык иштерге пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нормага ылайык айылдык кеңеш тарабынан бөлүнгөн каражаттын чегинде кызматтык автомашинасы жок болгондуктан озунун менчик автомашинасына май куюп, ремонттоп кызматтык иштерине пайдаланууга уруксат берилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | А. Бокоев |