Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык Кеңешинин 26-чакырылышынын кезектеги 19- сессиясы
2016-жылдын 14-январы № 2
Айыл чарба багытындагы жер салыгынын ставкасын жогорулатуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып,Сакалды айылдык кеңешинин XXVI – чакырылышынын кезектеги XIХ – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-июлундагы №455 токтомуна негиз жыл сайын айыл чарба багытындагы жер салыгынын ставкасын 2(эки) эсеге чейин жогорулатуу маселеси Ноокен районундагы айыл чарба багытындагы үлүштүк жерлердин социалдык камсыздандыруу төлөмү ар бир үлүш ээсине 700(жети жуз) сом өлчөмүндө болуп бекитилгенине байланыштуу жер салыгынын ставкасын жогорулатуу маселеси ушул сессияда депутаттардан колдоо тапкан жок деп бекитилсин .
2. Бул токтомдун талаптарын аткаруу максатында айыл чарба багытындагы жерлердин абалын кайрадан изилдеп чыгуу айылдык кеңештин жер жана айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комитетине жана жер бөлүштүрүү комиссиясына тапшырылсын.
3. Пайдалануудагы айыл чарба багытындагы жерлердин абалы изилденип, комиссия жыйынтык чыгаргандан кийин жер салыгынын ставкасын көтөрүү боюнча маселе сессияга коюлсун.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн каржы экономика бөлүмүнө,жер комиссиясынын курамына,айыл окмөттүн башчысынын орун басары М Орозалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Исмаилов |