Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык Кеңешинин 26-чакырылышынын кезексиз 24- сессиясы
2016-жылдын 21-октябры № 1
Шайлоо округдарына мандаттын санын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кенештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү мезгилинде шайлоо округдардын жана мандаттын санын аныктоо боюнча маселени угуп жана талкуулап чыгып,”Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын” 10 беренесине негиз Сакалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сакалды айыл айымагындагы шайлоо округдары жана округдарга бөлүнгөн мандаттардын саны төмөнкүдөй тартипте бекитилсин ;
1) №1Аримжан шайлоо округу –шайлоочунун саны -1552( Кагазды шайлоо участкасында -548 шайлоочу ,Аримжан шайлоо участкасында -1004 шайлоочу ) эки шайлоо участка биригип, бир округду түзөт жана мандаттын саны-4
2) №2 Сакалды шайлоо округу –шайлоочунун саны -2003, мандаттын саны-5
3) №3 Кыргызстан шайлоо округу –шайлоочунун саны -2344,( Сай-Бою шайлоо участкасында -546шайлоочу, Кыргызстан шайлоо участкасында -1798шайлоочу) эки участка бир округду түзөт , мандаттын саны-6
4.) № 4 Чон Багыш шайлоо округу –шайлоочунун саны -2128(Бөбүй шайлоо участкасында шайлоочунун саны -406, Чон-Багыш шайлоо участкасында шайлоочунун саны -1722 ) эки участка бир округду түзөт ,мандаттын саны-6
2.Бул токтом Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М Султановго милдеттендирилсин .
Төрага | Т. Исмаилов |