Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык Кеңешинин 26-чакырылышынын кезексиз 24- сессиясы
2016-жылдын 21-октябры № 2
Айыл өкмөттүн бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону уюштурууну жана өткөрүүнү камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү Мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү мезгилинде айыл өкмөттүн аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларын зарыл буюмдар менен камсыздоо максатында айыл өкмөттүн 2016-жылга карата бекитилген бюджетине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин;
-ЖКХХ нын түрдүү чыгымдар статьясына деп ажыратылган 100000 (жүз мин) сом каражаттын эсебинен 50000(элүү миң) сом шайлоо чыгымдары үчүн жылдырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы М Султановго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Исмаилов |