Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык Кеңешинин 26-чакырылышынын кезексиз 24- сессиясы
2016-жылдын 21-октябры № 3
Айыл өкмөттүн бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Сакалды айыл өкмөтүнө караштуу Кагазды айылындагы бала бакчанын ишке берилишин камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү Мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сакалды айыл аймагынын Кагазды айылындагы “Билим берүү максатындагы глобалдык өнөктөштүк” долбоорундагы “Жүз мектепке чейинки билим берүү уюму ” тарабынан бүткөрүлгөн бала бакча ишке берилсин .
2. Бала бакчанын тайпаларына кабыл алына турган 60(алтымыш) баланын тамак аш азыктары менен камсыздоо максатында айыл өкмөттүн 2016-жыл үчүн атайын каражат каралбай калганын эске алып,айыл өкмөттүн бюджетинин 22181100 статьясынан тийиштүү каражат эсептелип чыгып,ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М Султановго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Исмаилов |