Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык Кеңешинин 26-чакырылышынын кезексиз 24- сессиясы
2016-жылдын 21-октябры № 5
Айыл өкмөттүн бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Сакалды айылдык кенешинин XXVI – чакырылышынын кезексиз XXIV– сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сакалды айыл өкмөтүнүн Чон Багыш айылындагы көп жылдык көйгөйгө айланган таза суу маселесин чечүү максатында айыл өкмөттүн 2016-жылга кабыл алынган бюджетине төмөнкүдөй өзгөрүүлөр киргизилсин:
-жалпы резерв фондунан -100,0(жүз миң)
-Чон-Багыш айылынын инфраструктурасын жакшыртууга каралган каражаттан -100,0(жүз миң)
-Чон-Багыш айылынын ички арыктарын ремонттоого каралган каражаттан -100,0(жүз миң) каражат Чон-Багыш айылынын таза суу түтүктөрүн тартуу жумуштарына которулсун.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы М Султановго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Исмаилов |