Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык Кеңешинин 26-чакырылышынын кезексиз 24- сессиясы
2016-жылдын 21-октябры № 6
Сакалды айыл өкмөтүнүн Чоң-Багыш айылынын ички жолдорун шагал төгүп оңдоо долбооруна өздүк салым ажыратуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып Сакалды айылдык кеңешинин XXVI – чакырылышынын кезексиз XXIV– сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чон-Багыш айылынын ички жолдорунун эскилиги жетип,оор абалга келгендигине байланыштуу,түрткү берүүчү грантка долбоор даярдалгандыгына негиз Чон-Багыш айылынын ички жолдорун шагал төгүп оңдоо” долбооруна Сакалды айыл өкмөтүнүн 2017-жылкы жергиликтүү бюджетинен 500541(беш жүз миң беш жүз кырк бир) сом өздүк салым катары ажыратылсын .
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Исмаилов |