Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-майы № 9/1
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык бирдигине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Өкмөтүнүн «Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органына кээ бир малекеттик ыйгарым укутарды өткөрүп берүүнүн жоболору тууралуу» 17-март 2014-жылындагы № 145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы №715 Токтомдорунун негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө салык кызматынын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү туралуу айыл аймагынын башчысы У. Алсейитовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салык кызматынын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү боюнча чыгымдардын 2017-жылга сметасы бекитилсин.
2. Керектүү акча каражатын бөлүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинен суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын башчысы У. Алсейитовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э. Турганбаевага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бектемиров |