Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-майы № 3/6
Баетов айылындагы “Жаш-Балаты” бала бакчасы жөнүндө
Баетов айылындагы “Жаш -Балаты” бала бакчасын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезексиз III-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа райондук мамлекеттик архиви тарабынан берилген 2016-жылдын 10-майындагы №02-08/06-201/1, №15 Ак-Талаа райондук Жол тейлөө ишканасынын 2016-жылдын 07-майындагы №68, Ак-Талаа райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмү тарабынан 2016-жылдын 10-майындагы №1220 чы каттарынын негизинде Баетов айылындагы “Жаш-Балаты” бала бакчасы мамлекеттик бөлүмүндө толук каттоодон өтпөй калгандыктан муниципалдык менчикке кабыл алынсын.
2. “Жаш-Балаты” бала бакчасына тиешелүү документтерди мыйзам чегинде токтом чыгарып берүү жана тиешелүү иш-кагаздарын бүткөрүү жагы Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу У.Нуралиевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы закондуулук жана укук тартиби боюнча тармактык комиссияга тапшырылсын.
Төрага | К. Абакиров |