Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 3-августу № 6/1
“Жаш Балаты” бала бакчасына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Баетов айылындагы “Жаш Балаты” бала бакчасынын имараты авариялык абалда болгондуктан, убактылуу ижарага алынып жаткан имаратты ремонттоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз VI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айылындагы “Жаш Балаты” бала бакчасынын имараты авариялык абалда болгондуктан, убактылуу ижарага алынып жаткан имаратка бир жылдык ижара акысы үчүн резервдик фонддон 100,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Баетов айылынын тургуну арендатор Кашкарбаева Аида Иманкуловна менен эки тараптуу келишим түзүү жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана финансы маселелери боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Абакиров |