Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-сентябры № 9/1
Баетов айыл аймагынын көчөлөрүнө шагыл төгүү жана прожектор коюу жөнүндө
Баетов айыл аймагынын көчөлөрүнө шагыл төгүү жана прожектор коюу жөнүндө күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезектеги VII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагынын көчөлөрүнө шагыл төгүү жана прожектор коюу үчүн:
-ЖКХнын 3112- статьясындагы нан бышыруучу цех ачууга коюлган 188,0 мин сом акча каражаты айылдын көчөлөрүнө прожектор коюуга жумшалсын.
-ЖКХнын 3112-статьясындагы макарон бышыруучу цех ачууга коюлган 210,0 миң сом акча каражаты көчөлөргө шагыл төгүү үчүн, ЖКХнын 2221-статьясына жылдырылсын.
2. Резервдик фонддогу :
50,0 мин сом акча каражаты көчөлөргө шагыл төгүү үчүн кошумча жумшалсын.
7,9 миң сом акча каражаты соц фонддун электрондук отчетуна ЭЦП алууга;
4,0 миң сом акча каражаты Жогорку соттун госпошлинасын төгүүгө бөлүнүп берилсин.
3. Бөлүнгөн акча каражатын которуп берүү жагы ФЭБнүн башчысы С.Каленовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджеттик тармактык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Абакиров |