Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-сентябры № 9/2
Баетов айыл аймагына базар уюштуруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Баетов айыл аймагына базар уюштуруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезектеги VII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагына базар уюштуруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 2016-жылдын 06-сентябрындагы №1 протоколу бекитилсин.
2. Баетов айыл аймагынын Кайынды-Булак айылынын күн батыш тарабындагы №216 чы контурундагы 1,0 га, №219 контурундагы 3,0 га, №220чы контурундагы 4,0 га, №222 контурундагы 2,4 га жер тилкелерине, жалпы 10,4 га жер тилкесине базар уюштуруу үчүн трансформация иштери жүргүзүлүп, муниципалдык менчикке алынсын.
3. Баетов айыл аймагынын Кайынды-Булак айылынын күн батыш тарабындагы №216 чы контурундагы 1,0 га, №219 контурундагы 3,0 га, №220чы контурундагы 4,0 га, №222 контурундагы 2,4 га жер тилкелерине базар уюштуруу үчүн трансформация иштерин жүргузүүгө тиешелүү документтерин даярдоо жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары У.Нуралиевге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык курулуш, транспорт жана энергетика тармактары боюнча комиссиясынын курамына жана айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага | К. Абакиров |