Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-декабры № 11/7
Баетов айылын тургуну Айдакеева Дүрбүбү Сарымсаковнанын арызын кароо жөнүндө
Баетов айылынын тургуну Айдакеева Дүрбүбү Сарымсакованын 2016-жылдын 6-декабрындагы жазган арызын кароо жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айылынын тургуну Айдакеева Дүрбүбү Сарымсаковнанын арызынын негизинде жолдошу Акматов Чоюбек Үтүрович каза болуп калгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунан 2013-жылдын 5-июндагы №04-210-809-01/2013-402 кредиттик келишимдин негизинде уйларды жасалма уруктандыруу аппаратын алгандыгы белгиленсин. (суммасы 76930,0 сом)
2. Бүгүнкү күнгө жалпы суммадан 15387 сому төлөнгөндүгү белгиленсин, калдык суммасы 61544 сом экендигин эске алуу менен уйларды жасалма уруктандыруу аппараты айыл өкмөтүнө муниципалдык менчикке кабыл алынсын.
3. Уйларды жасалма уруктандыруу аппаратын өткөрүп алуу жагы айыл өкмөтүнүн мал чарба жана ветеринария боюнча башкы адиси Т.Сатыналиевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага | К. Абакиров |