Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-декабры № 12/5
Жергиликтүү бюджеттин сметасындагы статьялардан жылдыруу жөнүндө
Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин сметасындагы статьялардан жылдыруу жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезектеги XII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин эмгек акысы жыл башында 280,9 сом болуп тарифтен өткөрүлүп, бирок кайра тариф иштелип чыгып, стажылар менен коэффициенттерди тактоодо бир айлык эмгек акынын тарифи 287510 сом болуп өзгөртүлүп түзүлгөн жана Кеңештин төрагасына өтүлгөн сессиялар үчүн 3700 сом кошумча төлөнүп берилгендиктен,;
Клубдун 22211100 статьясынан 62200 сом кыскартылсын,
Бала бакчанын 22181100 статьясынан 34000 сом кыскартылсын, жалпы 96200 сом аппараттын эмгек акы 2111 статьясына жылдырылсын.
2. Китепкананын 22221200 статьясындагы 3900 сом энциклопедия алуу үчүн 3112 статьясына жылдырылсын.
3. ЖКХнын 3111 статьясынан 30200 сом 22141100 статьясына жылдырылсын.
4. Жылдырылган акча каражатын өз максатында которуп берүү жагы ФЭБнүн башчысы С.Каленовго тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджеттик тармактык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Абакиров |