Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-январы № 13/2
Баетов айыл аймагында таштанды чыгаруу үчүн кызмат акы төлөмүн бекитүү жөнүндө
Баетов айыл аймагында таштанды чыгаруу үчүн кызмат акы төлөмүн бекитүү жөнүндө күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагында таштанды чыгаруу үчүн кызмат акы төлөмүн (тарифи) жан башына айына 10 (он) сомдон төлөө жагы бекитилсин.
2. Чогултулган акча каражатын максаттуу пайдалануу, айыл ичиндеги таштандылардын чыгарылышын камсыз кылуу жагы “Баетов таза аймагы” муниципалдык ишканасынын директору М.Жетигеновго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары У.Нуралиевге, бюджет жана финансы маселелери боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Абакиров |