Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги 17-сессиясы
2016-жылдын 15-июну № 12
Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылындын башкы планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жалпак-Таш айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18- беренесине таянып жана айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча башкы адиси О.Жакыпбаевдин билдирүүсүн угуп талкуулап төмөндөгүдөй Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курбу-Таш айылынын башкы планында маданият үйү (клуб) үчүн калтырылган жер аянты жогорку чыңалуудагы электр чубалгысынын алдында жайгашып,техникалык коопсуздук талаптарына жооп бербегендиктен чубалгынын алдындагы жердин чыгыш тарабындагы 1200 чарчы метр жер тилкеси турак жай үчүн жана батыш тарабындагы калган жер тилкеси менен бош турган жер тилкеси бириктирилип жалпысы 2000 чарчы метр жер аянты маданият үйү(клуб) бул айылда бар болгондуктан типтүү бала бакча үчүн көрсөтүлүп башкы планга өзгөртүү киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык Курбу-Таш айылын башкы планына өзгөртүү киргизүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө“Айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш , транспорт,энергетика масалелери “боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Суранов |