Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылыштагы кезексиз 17-сессиясы
2016-жылдын 15-июну № 13
Жалпак-Таш айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө көрсөтүлгөн талапкерлерди бекитүү жөнүндө
Жалпак-Таш айылдык кеңеши 2011-жылдын 30-июнундагы №62 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 19-22- беренелерине таянып жана учаскалык шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө көрсөтүлгөн талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө шайлоочулардын жыйындарынын протоколдорун карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл аймагындагы №50-45 Алча-Башат, №50-46 Курбу-Таш, №50-47 Туз-Бел, №50-48 Ак-Терек, №50-49 Уч-Капчал , №54-69 Кара-Тарык участкалык шайлоо комиссияларынын курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси бекитилсин
2. Участкалык шайлоо комиссияларынын курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын кароосуна сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Суранов |