Редакцияот 15.06.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жалпак-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылыштагы кезексиз 17-сессиясы

 

2016-жылдын 15-июну № 14

Сары-Таш кенинин калдыктарын төгүү үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

Жалпак-Таш айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 27- беренесине жана Кыргыз Мамлекеттик Жерге Жайгаштыруубоюнча долбоорлоо институнун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2014-жылдын “09”октябрындагы №572 маалыматына таянып жана айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча башкы адиси О.Жакыпбаевдин билдирүүсүн угуп талкуулап төмөндөгүдөй Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Таш кенинин таш калдыктарын төгүү үчүн Уч-Капчал айылынын Арал учаскасынын чыгыш тарабындагы №676-673-контурлардагы айыл чарбасына жараксыз жер көчкүсү жайгашкан жер тилкесинен 16.02 га ажыратылып берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мыйзам талаптарына ылайык келтирип иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш, транспорт,энергетика масалелери“ боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

М. Суранов