Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги 17-сессиясы
2016-жылдын 15-июну № 15
Жалпак-Таш айыл аймагына кире беришине “Арка” куруучу демөөрчүгө жергиликтуу бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 26-февралындагы №01 токтому менен бекитилген Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн иш-чаралар 4 пунктун аткаруу максатында жана айыл өкмөтүнүн С. Паизовдун билдирүүсүн угуп талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш аймагынын кире беришине курулуучу Арканын жалпы сметалык наркы 1660,0 сомду түзүп, демөөрчү У.Калмурзаев тарабынан 1060,0 сому каржылангандыктан калган 600,0 сому өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен которулуп берилсин.
2. Арка куруу жергиликтүү бюжеттен толук каржыланбагандыктан жана демөөрчүнүн куруучулар менен келишимдерин эске алып мамлекеттик сатып алуулардын веб порталына жайгаштуруу жана кардар издөө зарылчылыгы жок экендиги белгиленсин.
3. Белгиленген каражатты бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө“Финансы ,экономика,бюжет ,экономикалык жактан өнүгүунүн болжолдуу багыттары жана инвестиция масалелери “боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Суранов |