Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги 17-сессиясы
2016-жылдын 15-июну № 16
Жалпак-Таш айыл аймагынын жашоочуларынын үлүштүк жерлеринин өлчөмдөрүн тастыктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өмөтүнүн 1994-жылдагы 630-токтомунун негизинде чыгарылган Өзгөн райондук мамлекеттик админстрациясынын 1994-жылдын 23-сентябрындагы №101 токтомуна ылайык Жалпак-Таш айыл аймагынын тургундарына бөлүнүп берилген үлүштүк жерлеринин өлчөмдөрүн тастыктоо жана Кыргыз Республикасынын Жер реформасынын негизинде жеке жана ирилештирилип түзүлгөн чарба жүргүзүүчү субъектилер (дыйкан чарбалар,фермердик чарбалар,кооперативдер ж.б.) мүчөлөрүнүн жан башына берилген үлүштүк жерлеринин негизинде түзүлөрүн тастыктоо максатында Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Киров, Кысык-Алма айылдарынын тургундарынын жан башына берилген үлүштүк жерлердин өлчөмдөрү кайрак айдоо 0,50га ,чөп ормо 0,20 га ,Карл Маркс ,Курбу-Таш,Кара-Тарык айылдарынын тургундарынын жан башына берилген үлүштүк жерлердин өлчөмдөрү кайрак айдоо 0,50га ,чөп ормо 0,15 га,Ак-Терек ,Туз-Бел,Уч-Капчал айылдарынын тургундарынын жан башына берилген үлүштүк жерлердин өлчөмдөрү кайрак айдоо 0,30га ,чөп ормо 0,20 га экендиги тастыкталсын жана өзгөртүүсүз калтырылаары белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жер реформасынын негизинде жеке жана ирилештирилип түзүлгөн чарба жүргүзүүчү субъектилер (дыйкан чарбалар,фермердик чарбалар,кооперативдер ж.б.) мүчөлөрүнүн жан башына берилген үлүштүк жерлеринин негизинде түзүлөрү белгиленсин.
3. Түзүлгөн чарба жүргүзүүчү субьектилер жеке чарбалардын жана жер пайдалануучулардын ,коомчулуктун арасында жер маселесине байланышкан келишпестиктерди жаратпоо жагы эскертилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө“Айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш , транспорт ,энергетика масалелери“ боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Суранов |