Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги 17-сессиясы
2016-жылдын 15-июну № 17
Уч-Капчал айылында жайгашкан “Карынбай жер жуткан жерди” түбөлүк сактоо жөнүндө
Кыргыз Республикасыныны “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин 13-абзацына таянып, Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 30-декабрындагы “2016-жылды-Тарых жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” ПЖ-286 жарлыгын алкагында аткарылуучу иш чараларды турмушка ашыруу максатында Жалпак-Таш айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уч-Капчал айылында жайгашкан “Карынбай жер жуткан жерди” түбөлүк сактоо үчүн коргоого алынсын
2. Аталган жерди коргоого алуу үчүн “Карынбай жер жуткан жер ”жайгашкан жер тилкеси ажыратылсын, айланасын тосуу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлсүн .
3. Тиешелүү акча каражатын бөлүп берүү жана токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы регламент, мыйзамдуулук, укуктартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Суранов |