Редакцияот 17.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жалпак-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги 18-сессиясы

 

2016-жылдын 17-августу № 24

Жеке менчик турак үй куруу үчун жер участогуна райондун башкы архитектору менен макулдашылган башкы планды бекитүү жөнүндө

КРнын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-33-беренелерине ылайык Жалпак-Таш айыл аймагындагы Курбу-Таш айылыныны Абдыкаар участкасына жеке менчик турак жай куруу үчүн түзүлгөн башкы планды бекитүү максатында Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалпак-Таш айыл аймагындагы Курбу-Таш айылынын Абдыкаар участкасынан жеке менчик турак жай куруу үчүн тузүлгөн башкы план бекитилсин.

2. Жеке менчик турак жай куруу үчүн жер тилкеси 800 М2 бөлүнсүн.

3. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө жагы “Турак жай жер жана айыл чарбасы баюнча туруктуу комииссиясына” жүктөлсүн.

 

Төрага

М. Суранов