Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 27/1
Кара-Суу айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын жана Кара-Суу айылдык Кеңешинин 2016-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын корутундусун угуп Кара-Суу айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын жана Кара-Суу айылдык кеңештин 2016-жылга иш пландары бекитилсин.
2. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.karasuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т. Азимбаевага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары У.Коешовго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Керимкулов |