Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-январы № 2
Айылдык кеңешине келген билдирүүлөрдү кароо жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн салык адиси А.Садыкованын билдирүүсүнүн негизинде Көлдүк айылдык кеңешинин V чакырылышын кезектеги 16-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көлдүк айыл өкмөтүнө караштуу (898 кожолук) ар бир кожолугуна 50сом өлчөмүндө өз ара салыгы бекитилсин
2. Жогорудагы кожолуктардын арасынан группасы 1-2-топтогу майыптарга жана согуштун ардагерлерине Баткенчи, Авганчы жана коп балалуу кожолуктар өз ара салыгынан жана там арка салыгынан 0,15га өлчөмүндө жеңилдиктер берилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы салыкчы А.Садыковага милдеттендирилсин
Төрага | С. Молдалиев |