Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-январы № 3
Айылдык кеңешине келген билдирүүлөрдү кароо жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн вет инспектору А.Туташовдун малдарды эмдөө жөнүндө берген билдирүүсүнүн негизинде Көлдүк айылдык кеңешинин V чакырылышын кезектеги 16-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Малдардын ыланын алдын ала эмдөө жагы эске алынсын жана элге түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
--Ар бир кара мал үчүн (жылкы,уй) – 30 сом өлчөмүндө кызмат акысы баалансын. (каттоого алынган малдаручун)
--Ар бир майда жандык үчүн (кой,эчки) 20 сом өлчөмүндө кызмат акысы баалансын. (Каттоого алынган кой-эчкилер үчүн).
2. Каттоого алынбаган малдар үчүн Вет инспектор жана мал ээси менен биргеликте келишимдин негизинде эмделсин.
3. Алып келинген вакцинацияларды сапатын жана сактоосун вет инспектор А.Туташовго милдеттендирилсин
4. Токтомду көзөмөлдөө Айыл өкмөт башчы С.Караевге милдеттендирилсин.
Төрага | С. Молдалиев |