Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 9-февралы № 7
2015-жылга бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана 2016-жылга бюджетин бөлүштүрүү жөнүндө
2015-жылга бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана 2016-жылга бюджеттин бөлүштүрүү иштер туурасында Көлдүк айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы К.Дүйшеевдин берген 1 жылдык отчетун угуп жана талкуулап Көлдүк айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылга айылөкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн кетирилген кемчилдиктерин эске алып алымча кошумчалары менен канааттандыраарлык деп кабыл алынсын.
2. 2016-жылдын бюджетин кабыл алуу, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кошумча тактоо үчүн 2016-жылдын 13-февраль күнүнө калтырылсын.
3. 2016-жылдын бюджетинин болжолдуу планын түзүп сессияга сунуштоо жагы ФЭБ нүн башчысы К.Дуйшеевке жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Көлдүк айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | С. Молдалиев |