КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көлдүк айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезексиз 16-сессиясы
2016-жылдын 14-ноябры № 24
Ош облустук жана Ош шаардык юстиция башкармалыгы менен Көлдүк айыл өкмөтүнүн ортосунда нотариалдык аракеттерди жүргүзүү боюнча түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
Ош облустук жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгы менен Көлдүк айыл өкмөтүнүн ортосунда наторилдык аракеттерди жүргүзүү боюнча түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндөгү маселени карап талкуулап КРнын натариат жөнүндө жана «жергиликтүү өз алдынча башкаруу» органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамын ылайык Көлдүк айыл кеңешинин 16 кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нотариалдык мамилелерди жүргүзүү боюнча Ош облустук жана Ош шаардык юстиция башкармалыгы менен Көлдүк айыл өкмөтүнүн ортосунда нотариалдык аракеттерди жүргүзүү боюнча түзүлгөн келишим бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чындоо, этика жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | С. Молдалиев |