КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Курманбек айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2017-жылдын 9-январы № 1
Курманбек айылдык кеңештин төрагасын шайлоо жөнүндө
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы, Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде Курманбек айылдык кенешинин төрагасын шайлоону боюнча айылдык кеңешинин убактылуу эсептөө комиссиясынын № 5-протоколунун негизинде , төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманбек айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө айылдык кенештин убактылуу эсептөө комиссиясынын № 5-протоколу бекитилсин.
2. Курманбек айылдык кеңештин төрагасына жалпы депутаттардын көпчүлүк добушун алган Тайгараев Чоробай Камчыбекович шайланды деп эсептелсин.
Төрага | Ч. Тайгараев |