Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-февралы № 2
Саты орто мектебине Нуралы Абыловдун наамын берүү жөнүндө
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы, Курманбек айыл өкмөтүнө караштуу Саты айылынын элдик жыйынынын 13.01.2017-жылдагы токтомун айылдык кеңештин депутаттары карап, талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 57- Саты орто мектебинин атын Саты айылынын элдик жыйынынын токтомунун негизинде Саты айылынын тургуну, көрүнүктүү саясий ишмер, жетекчи, педагог Абылов Нуралынын ысмы ыйгарылсын.
2. Мектептин печать, штамп жана вывескаларын өзгөртүп берүү жагы Н.Абыловдун бир туугандарына жүктөлсүн.
3. Мектептин атын өзгөртүү учурунда керектүү документтерди уюштуруу жана жасоо жагы мектеп директору Ш.Токтогуловго жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |