Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-марты № 6
Курманбек айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына калган калдыгын бекитүү жөнүндө
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы Курманбек айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына калган бюджеттик каражаттан 1501,0 мин сом, атайын каражаттан 29,6 мин сом калдыгын жумшоо жөнүндө Курманбек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын сунушун карап чыгып, Курманбек айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 1-январына калган 1501,0 мин сом бюджеттик каражаттын 1200,0 мин сом акча каражаты 70921-бөлүмдүн 31112390 (Башка имараттарды капиталдык ондоо) статьсына Таран-Базар айылындагы М.Камбаров орто мектебининин маратында жайгашкан «Кызгалдак» балдар бакчасынын имаратынын капиталдык ондоосуна жумшалсын. Ал эми, 271,0 мин сому 70111-болумдун 31112290 (Башка имараттарды сатып алуу жана куруу) статьясына Кара-Чолок айылына спорт зал куруу үчүн жумшалсын.
2. 2017-жылдын 1-январына калган 29,6 мин сом атайын каражат70111-бөлүмдүн 22154900 (Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү) статьясына чыгымдоосу белгиленсин жана максаттуу жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировко жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Биримкуловко жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |