Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-марты № 12
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жерлердин жер салыгы жөнүндө
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы, Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынын жергиликтүү бюджеттерди бекитүүдө жергиликтүү кеңештердин салык кодексинин 37-беренесинин 4-пунктуна ылайык, айыл чарба багытындагы жерлердин жер салыгынын базалык ставкасын көбөйтүү жөнүндөгү № 36/7 сандуу 27.02.2017-жылдагы катын айылдык кенештин депутаттары карап, талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынын № 36/7 сандуу 27.02.2017-жылдагы Курманбек айыл өкмөт башчысына жазган каты талкуулангандыгы белгиленсин.
2. Курманбек айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин базалык ставкасы жана коэфиценти баштапкы баасында калтырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |