Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-марты № 14
Кара-Чолок айылынын спорт комплексине жер бөлүп берүү жөнүндө
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы, айылдык кенештин депутаты С.Алимбетовдун Курманбек айыл өкмөт башчысына жазган кайрылуусун айылдык кеңештин депутаттары карап, талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Чолок айылындагы спрот зал комплексине айыл өкмөт тарабынан бөлүнгөн жер аянты жетишсиз болгондуктан кошумча 0,13 га, жалпысы 0,23 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Жер аянтын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Боронбаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Нарматовго жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |