Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-марты № 15
Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долбоорунун алкагында Курманбек айыл өкмөтүнүн Жоон-Күнгөй айылына ичүүчү таза суу түтүгүн тартуу үчүн жазылган долбоорго айыл өкмөтүнүн үлүштүк салымына акча каражатын бөлүп беруу жөнүндө
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы, «Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун алкагында Курманбек айыл өкмөтүнүн Жоон-Күнгүй айылына ичуучу таза суу түтүгүн тартуу үчүн жазылган долбоорго айыл өкмөтүнүн үлүштүк салымына акча каражатын бөлүп берүү максатында айылдык кенешинин депутаттарынын сунушун карап чыгып, Курманбек айылдык кенеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жергиликтуу денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун алкагында Курманбек айыл өкмөтүнүн Жоон-Күнгөй айылына ичуучу таза суу түтүгүн тартуу үчүн жазылган долбоорго айыл өкмөтүнүн үлүштүк салымы үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 600,0 (Алтыжуз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген акча каражаты 70111-бөлүмдүн 31113290 (Башка курулуштарды сатып алуу жана куруу) статьясына чыгымдоосу белгиленсин жана максаттуу жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировко жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Биримкуловко жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |