Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-апрели № 1
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу
Мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 токтомунун негизинде иш алып баруусу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык башкармалыгынын айрым ыйгарым укуктарын айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү келишимин карап чыгып Кең-Арал айылдык кеңешинин XXXIX чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык башкармалыгынын айрым ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү боюнча түзүлгөн келишими бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | И. Жумабеков |