Редакцияот 20.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кең-Арал айылдык Кеңешинин XXXIХ чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2017-жылдын 20-апрели № 2

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн Уставын жаңы редакцияда кабыл алуу жана мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн уюштуруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында жана 2011- жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-беренесинин негизинде Кең-Арал айылдык аймактык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылдык аймагынын «Кең-Арал айыл өкмөтүнүн» Уставы кыргыз тилинде жаңы редакцияда бекитилсин.

2. Кең-Арал айыл өкмөтү тийиштүү мамлекеттик органдардан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Темирбековго жүктөлсүн.

Ушул чечиминде көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы, мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамдарда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же)жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

 

Төрага

И. Жумабеков