Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-марты № 4/2
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча 2016-жылдын эсебинен үнөмдөлгөн 513,4 миң сом акча каражатынын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселе “Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтүнөн өндүрүп алуучу Энергосервис “Жарык” жоопкерчилиги чектелген коомунун пайдасына электр энергиясынан болгон 352,432 сом өндүрүү жөнүндөгү аткаруу өндүрүшүнүн токтому менен таанышып жогорудагы көрсөтүлгөн акчаны бөлүп берүү боюнча талкуулап Баш-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын эсебинен үнөмдөлгөн 513,4 миң сом акча каражатын айыл чарба бөлүмүнө жумшалсын.
2. Жогорудагы көрсөтүлгөн акчанын эсебинен 352,4 сомду соттун токтомунун негизинде “Жарык” ЖЧК нун эсебине котруу жолу менен өткөрүлүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет финансы салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Эргешбаев |